Агаджанов Сергей Григорьевич
Агаджанов Сергей Григорьевич - тарыхчы, чыгыштаануучу, огуз-түркмөндөр, селжуктар жана алардын сулалалери (династиялары) боюнча адис, түркмөнтаануучу. 1928-ж. 26-августунда Түркмен ССРинин Мары шаарында туулган. Атасы темир жол тармагында иштеген жана көп узабай оорудан каза табат. Согуштун оор жылдары жалгаыз калган энеси балдарына тарбия берип, чоңойтконун С.Г.Григорьевич көп ирет эскерчү экен. 1950-ж. Ашхабаддагы М.Горький атындагы Түркмөн Мамлекеттик педагогикалык институттун тарых факультетин аяктаган. Университетте болчок окумуштуунун изилдөө багыты – Улуу Селжуктар мамлекети калыптынып бүткөн. Оболу, 1948-ж. Ашхабаддагы чоң жер титрөөдөн жарадар болгон апасын Бакуга жеткирип, дарылытып, аталган шаардагы Азербайжан университетинин тарых факультетинин чыгыштаануу бөлүмүндө окуусун уланткан. Андан кийин Ашхабадка кайрылып келип, университетти аяктаган экен. Теги армян улутунан болгон С.Г.Агаджанов орус, түркмөн, түрк, фарси тилдерин жакшы билген. Университеттен соң, эмгек жолун Түркмен ССРинин Илимдер Академиясында илимий кызматкерден баштаган. Ал Москва шаарында 1956-ж. “Восстание огузов 1156 г. и падение Восточно-Сельджукского государства” деген темада кандидаттык диссертациясын коргоп, ошол эле аталыш менен монография чыгарган (Ашхабад, 1956). 1970-ж. Москва шаарындагы Чыгыштаануу институтунда “Очерки истории огузов и туркмен Средней Азии IX—XIII вв» (Ашхабад, «Илым», 1969. -295 с, АН Туркм. ССР. Ин-т истории) темада, монографиянын негизинде илимдин докторлук диссертациясын коргогон. Түркмөн ИАсында улук илимий кызматкер (1965-ж), ошол эле илимий мекеменин тарых, этнография жана археология институтунда Этнография секторун (1960-1966 жж) жетектеген. Түркмен ССРинин Илимдер Академиясынын мүчө-корропонденти (1973), 1976-1997 жж. СССР (кийинки Россия) Илмдер академиясынын СССР (Россия) тарыхы институтунда эмгектенген. Улук илимий кызматкерден Борбордун жетекчи кызматына чейин иштеген. С.Г.Агаджанов огуздар, огуз-түркмөндөр, селжуктар жана алар негиздеген мамлекет, мамлекеттик-саясий түзүлүшү, социалдык-экономикалык абалы, огуз-түркмөндөрдүн коомунун чарбалык уклады боюнча эмгектери бар. Огуз-түркмөндөрдүн теги боюнча изилдөөлөрү, жарык көргөн эмгектери фундаменталдуу денгээли менен айырмаланат. Анын өзгөчө «Очерки истории огузов и туркмен Средней Азии IX—XIII вв. Ашхабад, «Илым», 1969. - 295 с. (АН Туркм. ССР. Ин-т истории)»; «Сельджукиды и Туркмения в XI— XII вв». Ашхабад, «Ылым», 1973. - 163 с. (АН Туркм. ССР. Ин-т истории) ж.б. изилдөөлөрү жана андагы айрым илимий негиздүү көз караштар, тыянактар бүгүн да илимдеги өз актуалдуулугун жогото элек. С.Г.Агаджанов 1997-ж Москва шаарында дүйнөдөн кайткан.
Эмгектери
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Канд. ист. наук (12.IV.1956), тема дисс: «Восстание огузов в 1153 г. и падение Восточно-Сельджукского государства».
- Доктор ист. наук (15.I.1970, по монографии).
- В кн.: История Туркменской ССР. Т. I, кн. 2. Ашхабад, 1957. — Авт. указ.: Хронологический указатель, с. 487—503. Указатель основных источников и литературы, с. 403—486.
- К вопросу о торговой и дипломатической практике огузо-туркменских племен в X—XI вв. — «Известия АН Туркм. ССР», 1957, №3, с. 74—81.
- Из истории огузо-туркменских племен раннего средневековья. — «Известия АН Туркм. ССР», Ашхабад, 1959, № 2, с. 32—39.
- Новые материалы о происхождении туркмен. — «Известия АН Туркм. ССР». Серия обществ. наук, Ашхабад, 1963, № 2, с. 12—26.
- Уникальная медаль с изображением сельджукского султана Мухаммада Тогрул-бека. — «Известия АН Туркм. ССР». Серия обществ. наук, Ашхабад, 1964, № 4, с. 10— 16.
- Аграрная терминология Средней Азии и Ирана. — «Народы Азии и Африки», М., 1965, № 4, с. 100-101.
- К истории тюркских набегов на Армению в XI в. — «Палестинский сборник», вып. 13, М.—Л., 1965, с. 144—159. — Авт.: С. Г. Агаджанов и К. Н. Юзбашян.
- Новое известие о средневековых тюрках. — «Известия АН Туркм. ССР». Серия обществ. наук, Ашхабад, 1965, № 6, с. 20— 28.
- Очерки истории огузов и туркмен Средней Азии IX—XIII вв. Ашхабад, «Илым», 1969. 295 с. (АН Туркм. ССР. Ин-т истории). Защ. как дисс.
- Некоторые проблемы истории огузских племен Средней Азии. — В кн.: Тюркологический сборник. 1970. М., 1971, с. 192—207.
- Сельджукиды и Туркмения в XI— XII вв. Ашхабад, «Ылым», 1973. 163 с. (АН Туркм. ССР. Ин-т истории)
- Государство Сельджукидов и Средняя Азия в 11 - 12 вв. М., Наука. 1991
- Ногайцы и туркмены: исторические и этнокультурные связи // Историко-географические аспекты развития Ногайской Орды. Сборник. Махачкала, 1993
- Агаджанов С.Г. Восстание огузов 1156 г. и падение Восточно-Сельджукского государства. Ашхабад, 1956.
- Национальные окраины Российской империи. Становление и развитие системы управления. М., 1998.
- Русское население национальных окраин России (XVI-XXвв.). М, 2000.
- Удалось провести всего две конференции. Материалы первой опубликованы: Контактные зоны в истории Восточной Европы. М., 1995.
- См., например: История народов Восточной и Центральной Азии с древнейших времен до наших дней. М., 1986 (гл. «Средняя Азия. Афганистан»); История Востока: В 6-ти т. Т. П. Восток в Средние века. М., 1995 (гл. «Сельджукское завоевание и государств Сельджукидов», «Чингисхан и Чингисиды в Средней Азии»).
- Агаджанов С.Г. Государство Сельджукидов и Средняя Азия в IX-XIIвв. М., 1991.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- О. Каратаев Орто Азия чөлкөмүн жана түрк дүйнөсүн изилдеген окумуштуулар. –Бишкек, 2015