Боордун катышы

Википедия дан

Боордун катышы, цирроз (гр. kirros - янтардуу, саргыч) - боордун иштешинин бузулушунан анын ткандарында кошумча чел өсүп, көлөмүнүн кичирейүүсүнөн пайда болгон өнөкөт оору.

Боордун катышында боордун лимфа жана кан айланышы төмөндөйт, кээ бир ткандарда некроз пайда болуп, боордун зат алмаштыруу функциялары начарлайт. Боордун катышына сарык, ичкиликти көп ичүү, белок жана витамин жетишпегендик, жүрөк оорусу, ар түрдүү инфекциялар себеп болот. Ооруган адам тамак иче албай, тамактангандан кийин ичи көөп, курулдал, эти кычышып, териси жана көзүнүн агы саргарып, алы кетип, арыктай баштайт жана ичине суу толуп (асцит), дем алуусу кыйындайт. Оору кабылдап кеткенде, боор өтө кичирейип, көк боор чоңоет, оорулуу кан кусат. Оорунун алдын алуу - ичкилик ичпей, витаминдүү, белоктуу тамакты өз убагында ичүү. Сарык менен ооруган адам 1-2 жыл врачтын кароосунда болуп, тамак режимин сак-тоосу зарыл.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.