Боор буттуу моллюскалар

Википедия дан

Боор буттуу моллюскалар, өөк буттуу моллюск ал ар (лат. Gastropoda) - моллюскалар тибиндеги омурткасыз жаныбарлардын классы.

Булар 3 бөлүктөн (дене жана баш, дене көңдөйүнөн) турат. Башында ооз тешиги, сезгич жуп манжасы жана 2 көзү бар. Дене көңдөйүнүн боор бөлүгү жабышкак былжыр зат бөлүп чыгаруучу бези бар булчуңдуу органга айланган. Моллюскалар буту менен кургакта жылып, суу түбүндө катуу нерселерге жабышып жүрөт. Дүйнөдө 40 миңге жакын түрү белгилүү (алардын жарымына жакыны өлүп жок болгон). Алар океан, деңиз, көл, туздуу жана тузсуз сууда, ысыктыгы 53°С болгон кайнар булакта да жашайт, Боор буттуу моллюскалардан кооз буюмдар, музыкалык аспаптар жасалат. Кээ бир түрлөрүнөн тамак-аш даярдалат. Боор буттуу моллюскалардын ичинен айыл чарбасына зыян келтиргендери да бар (мис, жылаңач жер желимдер).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.