Борбиев Мукаш

Википедия дан

Борбиев Мукаш (1927, Аламүдүн району, Кайырма айылы - 1999, Бишкек) - комузчу.

Республикалык, Бүткүл союздук эл чыгармачылыгынын кароолорунун, фестивалдарынын бир нече жолку лауреаты.

1957-ж. Москвада өткөн Бүткүл дүйнөлүк жаштар менен студенттердин 6-фестивалында комузчулар ансамблинде ойноп, лауреат болгон.

1956-ж. Фрунзеден эт комбинатынын жетекчилеринин чакыруусу менен өздүк көркөм чыгармачылыгын жетектеген.

комузчулар ансамблин уюштуруп, өзү черткен Карамолдонун, Ыбырайдын, Атайдын ж. б. күүлөрүн үйрөткөн. Өзү да ондогон күүлөрдү чыгарган. Алардын ичинен «Таң бул- булу» аттуу күүсү залкар шайырлардын да өздүк репертуарларынан орун алды.

«Таң булбулу» күүсү К. Орозов атындагы эл аспаптар оркестрине, «Камбаркан» этнографиялык-фольклордук ансамблине салынып, АКШ-нын, Япониянын, Франциянын, Кытайдын, Түркиянын, Монголиянын, Польшанын, Германиянын жана КМШ өлкөлөрүнүн шаарларында аткарылган. Медалдар, Ардак грамоталар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.