Борбиев Эркин Бейшеналиевич

Википедия дан

Борбиев Эркин Бейшеналиевич - жазуучу, кинодраматург, публицист.

Эркин Борбиев 1937-жылы 12-августта Сокулук районундагы Асылбаш айылында туулган.
1956-жылы Фрунзедеги А.С.Пушкин атындагы №5 орто мектебин бүтүрүп,
1960–1966-жж. КМУнун филология факультетинин журналистика бөлүмүндө окуган,
1971–1973-жж. Москвада Жогорку режиссердук жана сахналык курстардын угуучусу болгон.
Эмгек жолун 1960-жылдан райондук «Эмгек даңкы» гезитинде адабий кызматкер болуп иштөө менен баштаган.
1963-жылдан Кыргызстан ЛКСМ БКнын Калинин райондук комитетинде катчы, Кыргызстан ЛКЖС БКда инструктор, сектор башчы, бөлүм башчы, Кыргыз ССРинин КП БКнын маданият бөлүмүндө сектор башчы,
1975–1986-жж. Кыргызстан Кинематографисттер союзунун башкармасынын орунбасары,
1988–1991-жж. «Советская Культура» гезитинин атайын кабарчысы болуп иштеген.
1990–1991-жж. Кыргыз Республикасынын маданият фондунун башкармасынын биринчи орунбасары болуп шайланган.
2000-жылдан КМУнун журналистика факультетинин доценти, профессор.

Макалалары, очерктери, аңгемелери 1957-жылдан бери үзгүлтүксүз жарыяланып келет. Биринчи китеби «Мен жазды сагындым» деген ат менен 1967-жылы жарыкка чыккан.
Орус жана кыргыз тилдеринде жазат. Э.Борбиев кыргыз драматургиясындагы «И фильмы начинаются со слов» жыйнагынын жана кош тилдүү жазуучулардын прозалык чыгармаларынын жыйнактарынын авторлорунун бири жана түзүүчүсү.
Ю.Герман, С.Фарьфельдин “С этих дней не смолкнет слава” деген китебин кыргыз тилине которгон.
Э.Борбиев көптөгөн оюн-зооктук жана даректүү киноленталардан болгон: «Улыбка на камне», «Тринадцатый звук», «Будь, что будет», «Солдатенок» (экрандаштырылган), «Еще один радостный день», «Хроника суровых лет», «Автопоезд», «Кыргызстандын кинолетописи» үчилтиги ж.б. автору. Ал «Сандардын чатагы» аттуу биринчи кыргыз мультфильминин сценарийин жазган жана улуттук киноискусствонун жаңы түрүн уюштурууга белгилүү салым кошкон.
1984-жылдан "Манас" эпосун орус тилинде басып чыгаруу жана даярдоо иштерине жигердүү катышкан.
1982-жылы «Кыргыз Республикасынын искусствосуна эмгек сиңирген ишмер» деген ардактуу наам берилген.
1984-жылдан Жазуучулар союзунун, 1977-жылдан Журналисттер союзунун мүчөсү.
В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгынын урматына «Каарман эмгеги үчүн» медалы, Кыргыз ССРинин, ВЛКСМ БКнын, СССР КСнын Ардак грамотасы, эстелик жана юбилейлик белгилер менен сыйланган. «СССР кинематографиясынын отличниги».

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Кыргыз тилинде

Мен жазды сагындым: Аңгемелер жана повесть. – Ф.: Кыргызстан, 1967. – 48 б.

Кайрадан саат тогузда: Аңгемелер.–Ф.: Кыргызстан, 1978.– 92 б.

Мала күндүн батышы: Повесттер жана аңгемелер – Ф.: Кыргызстан, 1983. – 236 б.

Орус тилинде

В четверг, после дождя: Повести рассказы. – Ф.: Кыргызстан, 1981. – 264 с.

Мультипликациялык сценарийлери

Сандардын чатагы. 1983.

Солдатенок – балдар үчүн фильм (Ч.Айтматовдун чыгармасы боюнча).