Борбордук күч

Википедия дан

Борбордук күч ар кандай абалдагы нерсенин аракеттенүү сызыгы күчтүн борборундагы чекит аркылуу өтүп, нерсеге аракет кылган күч. Ага планетанын борборуна багытталган оордук күчү, электр-статикалык тартуу же түртүү күчү жана башкалар кирет. Борбордук күчтүн аракетиндеги эркин нерсенин масса борбору тегиз ийри сызык боюнча кыймылдайт, ал эми масса борбору менен күчтүн борборун туташтырган кесинди убакыттын бирдей аралыгында бирдей аянтты сызат. Борбордук күчтүн кыймыл теориясы асман механикасында, космоско учуучу аппараттардын, жасалма жандоочулардын жана башка кыймылын эсептөөдө кеңири колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]