Борбушев Бекболот Осокеевич

Википедия дан

Борбушев Бекболот Осокеевич (10. 11. 1949-ж. туулган, Москва району, Темен-Суу кыштагы) - жогорку категориядагы мугалим (1993).

  • Элге билим берүүнүн отличниги (1997).
  • Муниципалдык кызматтын 1-класстагы кеңешчиси (2007).
  • Россиядагы Воронеж шаарынан мамлекеттик университеттин филология факультетинин орус тили жана адабияты бөлүмүн бүтүргөн (1974).
  • Эмгек жолун 1966-ж. Суусамыр орто мектебинде башталгыч класстарга орус тилинен сабак берип баштаган.
  • Кийин Петровка, Аң-Арык орто мектептеринде мугалим (1975-78), директор (1978-87), Беловодский жумушчу жаштар мектебинде директордун орун басары (1988-96), Петровка көмөкчү жатак-мектебинде директор болуп эмгектенген.
  • 2005-ж. Москва районундагы Петровка айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланат.
  • 2009-жылдан жеке ишкерлик менен алектенет.
  • Кыргыз Республикасынын профсоюздарынын Борбордук комитетинин Ардак грамоталары менен сыйланган.
  • Теги жумгалдык саяк, чал уруусунун жээни.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9