Бордоо

Википедия дан

Бордоо малды колдо багып семиртүү. Ага көбүнчө уй, чочко, кой жана үй куштары коюлат. Бордоонун максаты малды тез семиртип, эттин, теринин жана жүндүн сапатын жакшыртуу. Аны туура пайдаланганда, тоют аз чыгымдалып, этти арбын алууга болот. Бордоонун мөөнөтү малдын, үй куштарынын жашына, породалык сапатына жана берилген тоютка жараша болот. Мисалы, инек жана картаң уйду 60-75, ноопасты 90-120, койду 45, жылкыны 60-75 күн борго байлайт. Бул учурда уй күнүнө кеминде 800, кой 150, жылкы 600 г салмак кошот. Кыргызстандын шартында мал бордоодо жем-чөп, силос колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]