Борду-Төр мөңгүсү

Википедия дан

Борду-Төр мөңгүсу - Көөлүү кырка тоосунун түндүк капталында. Узундугу 5,6 км, аянты 5,7 км2. Абляция облусунун аянты 2,2 км2. Көөлү суусунун оң куймасы Борду-Төрдүн алабында жайгашкан. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 5000 м, этеги 3660 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 4200 м. Фирн облусу көп камералуу татаал цирк, андан жылып чыккан мөңгүнүн «тили» түндүк-чыгышты карай багытталып, шынаа сымал аяктайт. Мөңгүнүн этеги менен төмөнкү мореналардын аралыгы 700–800 м. Кийинки 50 жылда мөңгү өзгөрүүсүз бир калыпта жатат. Мөңгүдөн Борду суусу агып чыгып, Көөлү суусуна оң тараптан куят.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]