Борисевич Николай Александрович

Википедия дан

Борисевич Николай Александрович (21. 9. 1923-ж. т., Минск губ., Игу-менск у., Лучной Мост с. ) - советтик физик, БССР ИАнын акад. (1969), президенти (1969). 1945-жылдан КПССтин мүчөсү.

Белорус университетин бүтүргөндөн кийин (1950) БССР ИАнын Физика институтунун директоруна орун басар (1955-69) жана инфра кызыл нурлар физикасынын лабораториясын башчы болгон (1955-ж-дан). Негизги илимий эмгектери газ фазасынын татаал молекулаларынын люминесценциясын, инфра зызыл спектроскопия жана квант электроника сын изилдөөгө арналган. Дүүлүккөн молекулалардын температурасын ж. б. мүнөздөмөлөрүн оптикалык жол менен аныктоо ыкмасын иштеп чыккан.

Инфра кызыл жутулуу таякелеринин интенсивдүүлүгүнүн температурадан болгон интегралдык көз карандылыгын ачкан. Ошондой эле спек-трдин инфра кызыл зоналары үчүн дисперсиялык чыпкалардын жаңы түрлөрүн түзгөн. СССР Жогорку Советинин (7-9-шайл. ) депутаты. СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1972).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.