Борисяк Алексей Алексеевич

Википедия дан

Борисяк Алексей Алексеевич (22. 7(3. 8). 1872-25. 2. 1944) - советтик палеонтолог жана геолог, СССР ИАнын акад. (1929; мүчө-корр., 1921).

Петербург тоо-кен институтун бүтүргөн (1896). Геология комитетте иштеп, 1932-жылга чейин анын палеонтология бөлүмүн башкарган. Ленинград тоо-кен институтунун профессор жана тарыхый геологиялык кафедра башчысы (1911-30), Москва мамлекеттик университетинин палеонтология кафедрасын уюштуруучу жана анын жетекчиси (1939-42). СССР ИАнын Палеонтология институтун түзүүнүн демилгечиси жана директору (1930-44). Ал омурткалуу-лар падеонтологиясынын советтик мектебинин башында турган. Борисяктын негизги эмгектери фация менен жалпы палеонтологияны, юра мезгилинин моллюскаларын, омурткалуулар, айрыкча сүт эмүүчүлөрдүн палеонтологиясын изилдөөгө арналган. Жер тарыхын физикалык -географиялык шарттар менен органикалык тиричиликтин бирдиктүү өнүгүшү катары эсептеген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.