Борис Асафьев

Википедия дан

Acафьев Борис Владимирович - ((псевдоними Игорь Глебов), 17(29).7. 1884, Петербург - 27. 1. 1949, Москва) - орус музыка изилдөөчү, композитор, педагог. СССР ИАсынын академиги (1943), СССР эл артисти (1946). Петербург университетин (1908), Петербург консерваториясын бүткөн (1910). 1919-30-ж. Ленинград искусство тарыхы институтунда иштеген. 1925-жылдан Ленинград консерваториясында профессор. Москвада 1943-жылдан эмгектенет. Асафьев орус жана чет өлкөлөрдүн музыкалык маданияты, музыка теориясынын маселелери боюнча илимий эмгектердин жана сын макалалардын автору. Советтик композиторлордун Бүткүл союздук 1-съездинде (1948) СССР композиторлор союзунун председатели болуп шайланган. 11 опера, 28 балет, 4 симфония, бир нече романс, камералык-аспаптык ж. б. чыгармаларды жазган. Белгилүүлөрү: «Париж жалыны» (1932), «Бахчисарай фонтаны» (1934), «Кавказ туткуну» (1938) ж.б. Асафьев СССР мамлекеттик сыйлыгынын эки жолку лауреаты (1943, 1948). Эки Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1