Борис Волынов

Википедия дан

Волкшов, Борис Валентинович (18. 12. 1934-ж. т.) — СССРдин учкуч кос­монавты, полковник, эки жолу Советтер Союзунун Баатыры.

1958-жылдан КПСС мүчөсү. 1956-ж. Вол­гоград аскер авиац. окуу жайын бүтүргөндөн кийин авиациялык бөлүктөрдө аскердик милдетин өтөйт. 1968-ж. Москвадагы Аскер-аба инженердик академияны бүтүргөн. 1960-жылдан космонавттар отрядында. 1969-ж. 15-18-январда А. Е. Елисеев жанa Е. Е. Хрунов менен «Союз-5» космос кемесинин командири болуп космосто уч кан. Волынов «Союз-4» космос кемесинин командири В. А. Шаталов менен бирге «Союз-4» жанa «Союз-5» кемелеринин жакындашуу жанa биригишүү эксперименттерин жүргүзүп, космонавттар Елисеев менен Хруновдун космосто «Союз-4» кемесине өтүүсүн камсыз кылган. Волынов, космосто болгон 72 с 46 мин убакыт ичинде Жерди 50 жолу айланып чыккан.



Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.