Боробаев Акматбек

Википедия дан

Боробаев Акматбек – акын. Аксы районунун Авлетим айыл өкмөтүнүн Итагар айылында 1948-жылы 9-октябрда туулган. 1966-жылы Афлатун орто мектебин, 1973-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун дарылоо факультетин бүтүргөн.

1974-жылдан Жаңы-Жол райондук борбордук ооруканасында врач-хирург, травматолог болуп иштеп, азыркы учурда Аксы аймактык ооруканасында врач-травматолог кесиби боюнча эмгек жолун улантып келет.

Аксыдан чыккан Сарыбай уулу Молдобагыш А.Боробаевдин таятасы.

Ал студент кезинен баштап, ырларды жазып, жергиликтүү, облустук, республикалык гезиттерге жарыяланып келген.

2008-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.


Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Арча жыттуу айылым: Ырлар. – Б.: Бийиктик, 2007. – 98 б.

Ай туяк: Ырлар. – Б.: Бийиктик, 2009. – 232 б.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]