Боровков, Александр Константинович

Википедия дан

Боровков,Александр Константинович (1904, Ташкен — 1962, Ленинград) — советтик окумуштуу, түрколог, Өзбек ССР Илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү (1943), СССР Илимдер акдемиясынын корреспондент-мүчөсү (1958). Орто Азия университетинин күн чыгыш факультетин (1928) бүтүргөн. Түрк элдеринин тарыхы, этнографиясы, фольклору жана тили боюнча илимий иштер алып барган.

Б. «Алпамыш», «Кобланды», «Манас», «Козу Көрпөш менен Баян сулуу» сыяктуу эпосторун жыйноо, изилдөө иштерине түздөн-түз катышып, эмгектер жазган. 1952-ж. "Манас"_эпосун изилдөөгө арналган бүткүл союздук илимий конференцияда «Манастын» элдүүлүк проблемасы» («Проблема народности киргизского эпоса «Манас»») деген темада баяндама жасаган. Ушул сөзүнүн негизинде жазылган макаласы «Дружба народов» журналына (1952, № 5) басылган. Б. ''Манас'' эпосун башка түрк элдеринин эпосторуна салыштырып, алар менен байыркы тек, өзөк окуяларынын жалпылыгына да маани берген. Б. Ленин, Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Манас энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4