Боровых Андрей Егорович

Википедия дан

Боровых Андрей Егорович (30. 10. 1921-ж. т. ) - авиациянын ген. -полковниги (1968), эки жолу Советтик Союздун Баатыры (24. 8. 1943 жана 23. 2. 1945), СССРдин эмгек сиңирген аскер учкучу (1966).

1943-жылдан КПССтин мүчөсү. Аскердик авиац. мектепти бүтүргөн. Улуу Ата Мен. согушта катардагы учкучтан 157-чалгындоочу авиа-полктун командиринин орун басарына чейинки жолду басып өткөн. Б. 130 жолу аба согушуна катышып, жеке өзү душмандын 32, биргелешкен топ менен 14 самолетун атып түшүргөн. Согуштан кийин Аскердик-аба академияны (1951), Ген штабдын Аскердик академиясын (1957) бүтүргөн.

СССР Жогорку Советинин 2-шайл. депутаты. 2 Ленин ордени, 5 Кызыл Туу, Александр Невский, Кызыл Жылдыз ордендери жана медалдар, полын. орден менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.