Боромбай Меңмурат уулу

Википедия дан

Боромбай Меңмурат уулу (туулган жылы белгисиз- 1858-ж.) бугу уруусунун чоңманаптары-нын бири. 1843-ж. Жууку суусунун боюндагы Кы-зыл-Үңкүр деген жерге чеп курдуруп, аны ордо кыл-ган. 1844-ж. ал бугу уруусунун атынан Батыш Си-бирдеги орус падышалыгынын бийликтерине бу-каралыкка кабыл алуу етүнүчү менен элчи жи-берген. 1848-ж. дагы бир ирет орус бийликтерине кайрылган. 1853-ж. Боромбай орустун полковник чинин алган. Анын элчилери 1854-ж. сентябрда Ом-скиге келип, 1855-ж. 17-январда бул шаардан Рос-сиянын букаралыгына өтүү жөнүндө ант беришкен. 1855-ж. бугу менен сарыбагыш уруулары чабыш-кан кезде Текести жердеп калган. Бугу уруусун сактап калуу үчүн Кытайдан жардам сураган, бирок көмөк ала алган эмес. Ошондон кийин кайрадан орус бийликтерине өтүнүч менен кайрылган. 1856-ж. Боромбайдын жайлоодогу айылында Ч. Валиханов болуп, анын сүрөтүн тарткан.