Боронбай Атишев

Википедия дан

Өмүмрү жана эмгек жолу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Атишев Боронбай 1930-жылы Ош облусунун Ноокат районунун “Россия” колхозунда (азыркы “Атамерек” айылы) туулган. 1956-жылы “Россия” колхозунун тамеки өстүрүү бригадасынын бригадири болгон. 1961-жылы Социалдык эмгектин баатыры болгон. 1964-жылдан тарта КПССтин мүчөлүгүнө кабыл алынган. 1965-жылы 29,5 г. Аянттагы “Самсун-4-28” сортундагы тамекинин ар гектарынан 33,9 ц. Түшүм алган. Ал Кыргыз ССР Жог. Советинин 7-шайланышынын депутаты. Ленин орденин жана Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган. Азыркы учурдагы “Атамерек” айылындагы мектеп “Боронбай Атишев атындагы Ош мамлекеттик Университетинин базалык мектеби” аталышы менен аталып калган. Боронбай Атишев Баргыуруулук тобундагы “Атамерек” уруусунан чыккан.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Адилет СЫДЫКОВ[1]
  2. Кыргыз-Совет энциклопедиясы
  3. Nookat.ORG - маалымат порталы Archived 2017-11-14 at the Wayback Machine