Бороондуу ашуу

Википедия дан
Бороондуу ашуу.

"Бороондуу ашуу" (англ. Wuthering Heights) — Эмили Бронтенин жападан жалгыз романы. 1845-жылдын октябрь айынан тарта 1846-жылдын июнуна чейин жазылган "Бороондуу ашуу" 1847-жылы "Эллис Белл" деген каймана ат менен басылып чыккан; Бронте кийинки жылы 30 жаш курагында көз жумган. Бир тууганы Шарлоттанын "Жейн Эйр" романы ийгиликке жеткенге чейин "Бороондуу ашуу" менен Энн Бронтенин "Агнес Грэй" чыгармалары Thomas Newby басмаканасы тарабынан кабыл алынган. Эмили көз жумгандан кийин Шарлотта "Бороондуу ашуунун" кол жазмасын түзөтүп, басмаканага даярдаган. Ал 1850-жылы китептин экинчи басылышы автору каза болгондон кийин жарык көргөн.

"Бороондуу ашуу" бүгүнкү күндө англис адабиятынын классикаларынын бири деп эсептелип келсе да заманбап сын-пикирлер роман тууралуу эки жаатка бөлүнүп калган. Менталдык жана физикалык таш боордуктун катаал сүрөттөлүшүнөн улам карама-каршылыктуу кабыл алынып, викториан диний, адеп-ахлак, социалдык класс жана гендердик теңсиздик идеалдарына шек жараткан. Англиялык акын жана сүрөтчү Данте Габриэл Розетти китепке суктангандардын бири болсо да "китептин шайтаны — таң калаарлык макулук [...] Негизги окуя тозокто орун алат, болгону жерлер менен адамдардын ысымдары гана англисче айтылып калгандай" деп билдирген.

Романдан эргүү алып бир нече ылайыкташтыруулар, анын ичинде тасма, радио берүүлөр жана телесериалдар, Бернард Ж. Тейлордун мюзикли, балет, опералар (Бернард Херрманн, Карлисл Флойд жана Фредерик Часлин тарабынан) жана 1978-жылы Кейт Буштун ыры жаралган.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Каармандары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]