Бор кислотасы

Википедия дан

Бор кислотасы – орто бор к-тасы, Н3ВО3 күчсүз к-та. Кабыкча түрүндөгү түссүз кристаллдар, сууда эрийт. Ысытканда суусун жоготуп, метабор к-тасына НВО2, андан ары бор ангидридине В2О3 айланат. Сууда эригичтиги 20оС 4,89 %, орг. эриткичте эрийт. Диссоциация даражасы 20оС К1 =7,3  10-10, К2=1,810-13. Туздары бораттар деп аталат. Конц. Н2SО4 катышуусунда Н3ВО3 спирттер менен эфирди пайда кылат. Жаратылышта эркин түрүндө кездешпейт – (ысык булактарда, минералдык сууларда кездешет). Негизинен бораттарга Н2SO4, таасир кылуу менен алынат. Н3ВО3 лаб-яда буфердик эритмелерди даярдоодо, ө.ж-да эмаль, глазурь, түстүү айнектерди, кагаз өндүрүүдө, медицинада дезинфекциялоочу зат катары колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]