Бор постулаты

Википедия дан

Бор постулаты атомдун туруктуулугун жана спектрдик закон ченемдүүлүгүн түшүндүрүүчү негизги далилдөө. Н. Бор 1913-ж. киргизген. Классикалык физика түшүндүрө албаган атом касиетин түшүндүрүү үчүн эки постулатты квант теориясынын негизи катары алган: 1. Атомдун стационардык абалда болушу. Энергиясы дискреттик Е1 Е2Е3... катар сан маанилерине дал келген стационардык абалда атом туруктуу жана нур чыгарбайт. 2. Атом нурлануусунун жыштык шарты. Атом Е. энергиялуу стационардык абалдан Е энергиялуу башка стационардык абалга өткөндө hn=Ei Ек белгилүү жыштыктагы жарыкты hn чоңдуктагы кванттык нурланууну (фотонду) жутат же чыгарат. Атом квант энергиясын бөлүп чыгарганда көп энергиялуу Е. абалдан аз энергиялуу Ек абалга өтөт, ал эми квант энергиясын жутканда, тескерисинче болот. Атом физикасынын өсүшү Бор постулаты жалаң эле атом эмес башка микроскопиялык системалар молекула, атом ядролору үчүн да туура экенин көрсөттү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]