Ботокур

Википедия дан

Ботокур — эпостук жана этнографиялык материалдар боюнча калың, эндүү кайыштан сырткы бетине оюм-чийим салынып, алтын, күмүш, ар түрдүү асыл таштар чөгөрүлүп жасалган кур. Эпосто Б-ду азем буюм катары эл башкаруучулар курчанышкандыгы айтылат:

Саймалуу калпак, сары шым,

Шалдыркан кисе, бото кур,

Наалысы алтын, жез өкчө

Айдаркан уулу Эр Көкчө (Сагымбай Орозбаков, 3. 76).

Б. майданда белди коргоо үчүн да кызмат кылган. Ошондой эле бийликтин, баатырдыктын символу катары да көрсөтүлөт. Башка элдин өкүлүн кабыл алганда сөзсүз Б. белде курчалуу болуу керек. Б-ду белден чечүү же моюнга салуу жеңилгендикти билдирген: «Бото куру мсйнунда, Эки колу боорунда» (Сагымбай Орозбаков, 2. 218).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Манас энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4