Ботоя

Википедия дан

Ботоя - комузчулардын чыгармачылыгында кеңири өнүккөн салт күү.

Ботоя комуздун жоон мойнунан кайрылып чертилет. Бул күү ботосу өлгөн төө жөнүндөгү уламадан чыккан. Улам жаңы үлгү, түрлөрү жарала берип, акырында салт күүгө айланган. Аларга "Чоң", "Кичине", "Кыл чоймо", "Сал моюн" ж. б. жардамчы эпитеттер же күүнү чыгарган автордун ысмы кошулуп айтылат.

Мис, "Токтогулдун ботою", "Муратаалынын ботою" ж. б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.