Ботриомикоз

Википедия дан

Ботриомикоз (гр. borys -бүртүк жана mykes - грибок) - малдын жугуштуу өнөкөт ылаңы.

Бул дартка көбүнчө жылкы, кээде уй, кой, чочко чалдыгат. Жылкыда бычуу мезгилинде арбын байкалат. Дартка чалдыккан мал ишке жарабай калат, дарт өтүшүп кетсе, өлөт.

Дарттын козгогучу - Botryomyces ascoformans грибогу. Ал жарат аркылуу организмге кирет да, ал жерди сезгенди-рип, кабылдайт, шишитип, ириңдетип жиберет. Мындай жерди ысык темир менен кайрып же хирург, жол менен айыктырат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.