Бофорт шкаласы

Википедия дан

Бофорт шкаласышамалдын ылдамдыгын (күчүн) көз болжоо менен аныктоого арналган шарттуу шкала. Шамалдын жердеги нерселерге болгон аракетине карата (түтүндүн багытына, дарактардын кыймылдашына д. у. с.) же деңиз толкундарына жараша атайын балл менен аныкталат. 1806-ж. англиялык, адмирал, гидрограф Ф. Бофорт ойлоп чыгарган. Азыр деңиз навигациясында 1963-ж. Бүткүл дүйнөлүк метеорологиялык уюм кабыл алган бофорт шкаласы колдонулат (таблицада).

Бофорт шкаласы боюнча жер бетиндеги шамалдын күчү (ачык жана тегиз жердеги 10 м стандарттуу бийиктикте).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]