Бошоңдотуу

Википедия дан

Бошоңдотуу – металлды чыңоодон кийин эритмени белгилүү температурага ысытып кайра муздатуу (эреже катары сууда же абада) менен иштетүү. Ал негизинен болотту ысык иштетүүдө колдонулат. Түстүү металлдардын куймасын бошоңдотуу жасалма эскиртүү деп аталат. Чыңоодон болот жумшарып, морт болуп, аны иштетүүгө терс таасирин тийгизет. Ошондой эле өтө катуу болот тетиктер да акыркы жолу кыйынчылык менен механикалык иштетилет. Ошондуктан болот бышыктыгын арттырып, жумшактыгын жогорулатуу үчүн бошоңдотулат. Ал төмөнкү (–120... –250°С), орточо (300–400°С) жана жогорку (450–650°С) температурада жүргүзүлөт (акыркысы жакшыртуу деп да аталат). Бошоңдотуу режими талап кылынуучу бышыктык менен майышуучулуктун катышына жараша тандалат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]