Брадзот

Википедия дан

Брадзот, кежең – койдун катуу кармоочу жугуштуу ылаңы. Мында карындын, жумурдун былжыр чели сезгенип, ички паренхималык органдар (боор, бөйрөк жана башка) жабыркайт. Козгогучу Cl ostridium septicum, Cl ostridium oedomatiens деп аталуучу споралуу микроорганизмдер. Ылаң мал жайытка чыккандан тартып, жылдын бардык мезгилинде (жай, күз, кыш) жолугат, көп учурда өтө тез өтөт. Ылаңда койдун көзү кызарып, ичи көбөт, тишин кычыратып, денеси калтырайт жана кежигесин тартат, 20–30 минутада өлөт. Ылаң создугуп өтсө, койдун дене температурасы көтөрүлөт, оозунан кан аралашкан көбүк куюлат, жүрөктүн согушу ылдамдап, дем алуусу кыйындайт жана ичи көөп, тынчы кетип 12–14 саатта жыгылып, өлөт. Ылаңдын өтө тез өткөн түрүн дарылоо натыйжа бербейт. Өнөкөткө өткөн кезде антибиотиктер, витаминдер жана атайын даярдалган кан сары суусу колдонулат. Брадозту алдын алууда койду жайытка чыгардан 30–45 күн мурда эмдөө жүргүзүлүп, короо-сарай дезинфекцияланат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]