Брайль

Википедия дан

Брайль – көзү азиз адамдар жазууга жана окууга ылайыкташтырылган одуракай, чекиттүү шрифт. Франциялык тифло-педагог, көрүүсү бузулган балдарды окутуп-тарбиялоочу адис Луи Брайль тарабынан иштелип чыккан. Мында тамгалар 6 томпок чекиттин комбинацияларынан түзүлөт. Сандарды тыныш белгилерди, математикалык химиялык жана ноталык белгилерди айырмалоо үчүн чекиттер кошумчаланган комбинациялар түзүлөт. Азыр бүткүл дүйнөдө кеңири колдонулат. Ал шрифт менен жазылган туңгуч китеп 1837-ж. Францияда, кийин 1885-ж. Россияда басылып чыккан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]