Браконьерлик

Википедия дан

Браконьерлик (французча braconnier – тыюу салынган аңчылык, балык уулоо жана токой кыюу менен алектенген адам) – мыйзамсыз жапайы айбанаттарга аңчылык кылуу, токой кыюу жана башка аракеттер. Браконьерликке тыюу салынган жерге жана жыл мезгилинде атайын уруксатсыз аңчылык кылуу, Кызыл китепке кирген жаныбарларды кармоо жана атуу, өсүмдүктөрдү жок кылуу, промыселдик куштардын жумурткасын же жүнүн чогултуу, уяларын бузуу жана башка кирет. Африкада Браконьерликтен 1870–1980-ж. кериктердин саны 10 эсе азайган. Африканын кээ бир мамлекеттеринде аңчылыктан (пилдин сөөгү үчүн) пилдин саны 1973–87-ж. кескин кыскарып кеткен: Кенияда – 85%, Танзанияда – 53%, Угандада – 89% жана башка. Мындай көрүнүш дээрлик бардык мамлекеттерде байкалууда. Браконьерлик чыгымдар боюнча администрациялык-экологиялык кылмыш болуп, айбанат промыселинин ресурстарына олуттуу экономикалык жана моралдык зыян келтирүүдө. Кыргызстанда Браконьерликтен айрыкча айрым жаныбар (кызыл карышкыр, илбирс, Мензбир сууру жана башка) жана канаттуу (ителги, чөл ылаачыны, тоодак жана башка) түрлөрү жабыр тартып, күз-кыш мезгилдеринде отун үчүн дарактар менен бадалдар массалык түрдө кыркылууда.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]