Брасс
Көрүнүш
Брасс (фр. brasse, bras – кол) – колду суудан чыгарбай бир мезгилде горизонталь шилеп көкүрөк менен сууда сүзүү ыгы. 1903-жылдан Олимпиялык оюндардын программасына киргизилген. Брасста сүзүүчү эки колун алдыга жиберип, алакандарын сууга каратып, чыканагын бир аз бүгүп, бети сууга киргенде колдорун кошот. Ошол мезгилде сыртка кайырган буттарын өзүнө тартып, шыйрак жана таманы менен сууну таяныч кылып алдыга жылат. Брасс кийим менен сүзүп, чөккөн адамды куткарууга ылайыктуу.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4