Браулез

Википедия дан

Браулез (гр. Braula - бит) - аарынын бит (браула) ылаңы.

Дарт таза аарыга ылаңдаган аарыдай жугат. Браулез күзүндө, айрыкча кургакчылык убакта көп өөрчүйт. Аары бити улам көбөйүп, алардын денесин жаралантып тиричилигине зыян келтирет, эне аары урук чачуусун токтотот; иштемчил аары уча албай, бал жыйноого жарабай калат. Диагноз лупанын же микроскоптун жардамы менен аныкталат. Битке каршы нафталин, камфора, тимол пайдаланылат. Тамекинин түтүнү менен ыштоо жакшы натыйжа берет. Браулез менен жабыркаган аарыны башка жакка которууга, сатууга тыюу салынып, карантин коюлат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.