Брахмандар

Википедия дан

Брахмандар

1) Байыркы Индияда курмандык чалуу каадасын башкарган кечилдер (жрецтер). Кул ээлөөчүлүк коомдо сословиедер (варна) калыптанганда, Брахмандар өзүнчө кастага биригип, "тандамал кишилербиз" деп өздөрүн башкалардан өйдө коюшкан. Феодализм тушунда, б. а. сословие-лик-касталык түзүлүш орногондо, Брахмандар каста иерархиясындагы эң жогорку баскычты ээлешкен.

2) Веда адабиятына (байыркы индиялык жазма эстеликтерге) тиешелүү. касиеттүү деп эсептелген чыгармалар жыйнактары. Брахмандардын тексттери болжолу б. з. ч. 8-6-кылымда жар алгандыктан, байыркы Индия прозасынын адепки үлгүлөрүнөн деп эсептелет. Булардагы кудайлар, алптар же дүйнөнүн жаралышы жөнүндөгү жомоктордо жана уламыштарда байыркы Индиянын социалдык жана маданий тарыхы боюнча маалыматтар кездешет. Ошолордун эң баалуусу - "Шатапатха-брахмана".

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.