Брезент
Брезент (голландча presenning) – кендир же кебезден токулган тыгыз бышык кездеме. Брезент суу өткөрбөөчү жана чиритпөөчү заттар сиңдирилген жиптерден токулат. Ал материалдардын, машиналардын жабуусу катары, ошондой эле атайын кийимдерди, бут кийимдерди жасоодо колдонулат.
Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4