Брекчия

Википедия дан

Брекчия (италянча breccia – сындыруу, талкалоо) – тоо тектердин 10 мм жана андан чоңураак өлчөмдөгү жумураланбаган кырдуу сыныкчаларынан камдашып түзүлгөн тоо тек. Брекчия бир же бир нече тоо тек сыныктарынан турат. Сыныкчаларынын өлчөмү боюнча брекчия келки (>1000 мм), чоң, орто, кичине сыныкчалуу (1000–100 мм) жана чоң, орто, жумурулунбаган шагыл таштар (100–10 мм) болуп бөлүнөт. Пайда болушуна жараша брекчия чөкмө, жанартоо-чөкмө жана тектоникалык болуп айырмаланат. Брекчиянын кээ бир түрү курулуш материалы катары колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]