Брест чеби

Википедия дан

Брест чеби – Брест шаарынын (Беларусь Республикасы) жанындагы баатыр чеп; Мухавецтин Буг дарыясына куя берген жеринде. Чеп 1833-ж. курула баштаган. 19-кылымдын 2-жарымында – 20-кылымдын башында бир нече ирет бекемделип, жаңыртылган. 1–дүйнөлүк согушта (1914–18) өзүнчө курулган айрым бекинүү жайынан, форттордон турган бекем чепке айланат. 1919–39-ж. чеп Польшанын карамагында болуп, 1939-ж. СССРге кайтарылган. Брест чеби. Ата Мекендик согушта 28 сутка бою (1941-ж. 22-июнь 20-июль) баатырдык коргонуусу менен даңкы чыккан. Согуш башталган күнү мында 3,5 миң кишиден турган 42- жана 6-аткычтар дивизиясынын айрым бөлүктөрү менен чек арачылар өздөрүнөн алда канча көп душмандын соккусуна туруштук берген. Коргонууга майор П. М. Гаврилов, капитан И. Н. Зубачёв жана полк комиссары Е. М. Фомин жетекчилик кылган. Брест чебинин баатыр коргоочулары адам чыдагыс шарттарда (суусуз, тамаксыз, дары-дармексиз) согушуп, зор жоготууларга карабастан, бир ай бою душмандын бир дивизиясын токтотуп турушкан. Көбү баатырларча курман болгон, көпчүлүгү партизандарга кошулган, алсырагандары жана оор жарадарлары гана туткунга түшкөн. Брест чебине 1965-ж. 8-майда «Баатыр чеп» деген ардактуу наам берилген, Ленин ордени жана Алтын Жылдыз медалы менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]