Бретондуктар

Википедия дан

БретондуктарФранциядагы (Бретань жарым аралында) эл. Франциянын башка провинцияларында (Париждин чет жакасында жана Луара обл.), Канада, АКШда да жашашат. Калкынын саны 2,1 млн (2005). Бретон тилинде, көбүнчө француз тилинде сүйлөшөт. Негизинен католик динин тутушат. Алардын ата-бабалары Бретань жарым аралында жашаган байыркы кельт уруулары. Бретондуктардын этностук негизин Британ аралынан (англсакстардан) 5–7-кылымда жер ооп келген бриттердин кельт уруусу менен аралашкан жергиликтүү кельттердин тукумдары түзгөн. Бретондуктар мал чарбачылык, балыкчылык, бакчачылык менен кесиптенишип, дубалдары граниттен жана сланецтен тургузулган, узун жана жапыз салынган, чатыры камыш же шифер менен жабылган бир кабаттуу үйлөрдө жашашкан. Аялдар башына чепец (кээде жоолук) кийип, корсаж, кенен белдемчи, алжапкыч тагынышкан, чачын жана жакасын жиптен тор сымал токулган жасалгалар менен кооздошкон. Эркектер кемсел, желет, көйнөк, кенен шым, башына баркыт тасма менен кооздолгон, жазы кырбулуу шляпа кийишкен. Тамак-ашы эт, дан, картошка, деңиз азыктары (балык, устрица жана башка). Суусундук катары алмадан жасалган шарап ичишкен.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]