Бригадалык-лабораториялык ыкма

Википедия дан

Бригадалык-лабораториялык ыкма – окуу процессин уюштуруунун бир формасы.

ХХ кылымдын башталышында окуу сабактарын лабораториялык түрдө өткөрүүнүн жолу катары АКШнын Дальтон шаарында колдонулуп, «Дальтон-план» деген атка ээ болгон. Мында окуучулар бригадаларга бөлүнүшүп, окуу-лабораториялык тапшырмаларды өз алдынча аткарышкан. Мугалим кеңеш гана берген. Бул ыкма АКШнын мектептеринде бүгүн да окутуу ишин уюштуруунун формасы катары колдонуудан чыга элек. Советтик мектептерде «Дальтон-план» Бригадалык-лабораториялык ыкма деген ат менен 1920-жылдарда колдонулуп келген. Окуу материалын өздөштүрүүнүн негизи катары балдардын өз алдынча лабораториялык иштери, бригадада китеп окуу, доклад, реферат жазуу, маселелерди чыгаруу эсептелген. Мугалимге текшерүүчүлүк милдет гана берилген.

Бригадалык-лабораториялык ыкма жактоочулары окуучулардын өз алдынчалыгын өнүктүрүүгө ашкере баа беришкен. Бригадалык окуучулардын билимди өздөштүрүү процессиндеги, мугалимдин ролу чечүүчү экендигин жетишээрлик эске алышкан эмес.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Педагогика (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,