Бровка Петрусь

Википедия дан

Бровка Петрусь (Пётр Устинович) [12 (25). 6. 1905, Минск областы, Путилковичи кыштагы – 24. 3. 1980, Минск] – белорус акыны, БССР эл акыны (1962), Беларусь Илимдер академиясынын академиги (1966), Беларусь Советтик энциклопедиясынын башкы редактору (1967-80), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1972). Чыгармачылык иши 1926-жылдан башталган «Каармандын келиши» (1935), «Мекен жазы» (1937) жана башка жыйнактары, «Беларусь», «Смолячкова жөнүндө поэма» (1943) сыяктуу поэмаларын жазган. Ага «Дан» (1946), «Москва жөнүндө ой терметүү», «Туулган үйдө» (1946), «Турмуш жолдору» (1950) жана башка жыйнактары үчүн СССР мамлекеттик сыйлыгы (1947, 1951), «Күндөр өтүп жатат» ырлар жыйнагы үчүн Лениндик сыйлык ыйгарылган (1962). Бровка «Дарыялар кошулган кезде» романынын да автору. Үч Ленин, Кызыл Жылдыз, Эл достугу, «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]