Брокeр

Википедия дан

Брокeр (англисче broker) – фондулук, товардык, валюталык биржаларда ар түрдүү бүтүмдөрдү түзүүдөгү ортомчу. Брокер белгилүү бир тармактарга адистешет жана түзүлүүчү бүтүмдөр, акциялардын курсу тууралуу маалыматтарды жыйнайт. Бокерлер заказдарды кабыл алышат. Коомдук керектөөлөрдү иликтөө жана ал маалыматтарды биржанын борбордук офисине заказ түрүндө кабарлоо, заказчыларды издеп табуу, заказдарды кабыл алуу жана биржадагы клиенттерге эсептерди ачуу, акы төлөнүүчү кеңеш берүү, комиссиялык жыйымдарды чогултуп, клиенттин эсебине которуу жана башка алардын милдетине кирет. Брокер кирешелеринин булактары тиешелүү биржанын уставында же макулдашууларда каралган комиссиялык акыдан турат. Анын өлчөмү, эгер келишимде башкача каралбаса, бүтүм суммасынын 3–5%ин түзөт[1].

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Бажы брокеринин функционалдык милдеттери