Бромлей Юлиан Владимирович
Бромлей Юлиан Владимирович, советтик тарыхчы жана дүйөлүк аты бар этнограф-теоретик жана практик, тарых илимдеринин доктору, профессор. Этнография илиминдеги абройлуу илимпоздордун бири катары белгилүү. Болочок тарыхчы-этнограф Ю.В.Бромлей 1921-ж. Москва шаарында таанымал тарыхчы В.С.Сергеевдин үй бүлөсүндө туулган. Мектепти аяктагандан соң, 1941-ж. Москва Мамлекеттик университетеинин физика-техникалык факультетине тапшырат, ошол эле жылы согуш башталып, аскерге чакырылат. 1945-ж. фронттон кайтып келгенден соң, МГУнун тарых факультетние тапшырган. Окууну аяктагандан кийин 1950-ж. СССР ИАсынын Славянтаануу институтуна илимий кызматкер болуп кызматка орношот. 1956-ж. илимдин кандидаттык, 1965-ж. докторлук диссертациясын коргойт. 1966-ж. СССР Илимдер Академиясынын Этнография инстититунун директору болуп дайындалган. Этнография илиминин эң көрүнүктүү теоретиктеринен болгон Ю.В.Бромлей Л.Н.Гумилевдун пассионардык теориясын сындап, этностун дуалисттик концепциясынын негиздөөчсү болуп калган. Юлиан Владимирович Бромлей 1990-ж. 4-июнда каза болот. Ал көзүнүн тирүүсүндө бир катар теориялык денгээли жогору болгон изилдөөлөрдү жасап, монографияларды жарыкка чыгарган. 20 к. 60-90 жж. советтик этнография илимине жетекчилик жасаган. Анын түздөн-түз жетекчилиги астында 20 томдук «Страны и народы» аттуу фундаменталдуу энциклопедия басмадан чыкканы маалым.
Негизги эмгектери
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Бромлей Ю. В. Этнос и этнография. М., 1973 Бромлей Ю. В. Очерки теории этноса. М., 1983
- Бромлей Ю. В. Современные проблемы этнографии: Очерки теории и истории. М., 1981.
- Бромлей Ю. В. Этносоциальные процессы: теория, история и современность. М.: Наука, 1987
- Бромлей Ю. В. О предмете культурной- социальной антропологии и этнографии в трактовке англо-американских и советских ученых (опыт сравнительного анализа) // Этнография за рубежом. М.: Наука. 1979.
- Бромлей Ю. В., Крюков М. В. Этнография: место в системе наук, школы, методы // Советская этнография, 1987, № 3.
- Бромлей Юлиан Владимирович. ИЭА РАН Этнографическое обозрение. № 4 2001
- Академик Ю. В. Бромлей и отечественная этнология (1960—1990 гг.) М.: Наука 2003
Ал тууралу эмгектер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Бромлей Юлиан Владимирович. ИЭА РАН
- Этнографическое обозрение. № 4 2001
- Академик Ю. В. Бромлей и отечественная этнология (1960—1990 гг.) М.: Наука 2003
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- О. Каратаев Орто Азия чөлкөмүн жана түрк дүйнөсүн изилдеген окумуштуулар. –Бишкек, 2015