Бромлей Ю.В.

Википедия дан

Бромлей Ю.В. (1921 - 1990) - атактуу орус тарыхчысы жана этнографы, академик, бир топ жыл СССР ИАсынын Этнография институтун башкарган. СССРдеги этнографиялык изилдөөлөрдүн эң маанилүү багыттарынын негиздөөчүсү жана этностун дуалисттик теориясын түзүүчүлөрдүн бири. Аталган теорияга ылайык, биологиялык жактан бир бүтүндүктү түзгөн адамзат жалпы социалдык мыйзамдар боюнча өнүгүп, тарыхый жактан калыптануучу көптөгөн топторго бөлүнөт. Алардын арасында өзгөчө орунду адамдардын топтук интеграциясынын биосоциалдык формасы болгон этностор ээлейт. Башка топтордон этностор социалдык уюмдашуунун бардык формаларында сакталуучу өтө бекем байланышуусу жана мамилелери менен айырмаланат. Бул теорияны негиздөөдө «этнос», «этникос», «этносоциалдык организм» деген түшүнүктөргө аныктама берген. Бул теорияда көптөгөн этностук кубулуштар жана проблемалар, анын ичинде раса, топ, топтор менен этностордун дал келүүчүлүк түшүнүктөрү ж. б. иликтенет. Ю.В.Бромлей этнография менен ага чектеш илимдердин өз ара мамилелерине көп көңүл бурган. Этносоциологиянын предметине жаңыча мамиле кылып, анын негизги милдети катары этностук жана социалдык- экономикалык процесстердин өз ара байланышын изилдөөнү көрсөткөн. Андан сырткары, ал этносоциологиянын бирдиктүү кош милдетин: түрдүү социалдык топтордогу этностук өзгөрүүлөрдүн өзгөчөлүктөрүн изилдөөнү жана түрдүү этностук чөйрөдөгү, айрым этностордогу өзгөчө процесстерди изилдөөнү негиздеген. Негизги эмгектери: Этнос и этнография (1973); Современные проблемы этнографии (1981); Очерки теории этноса (1983); Этносоциальные процессы:теория, история, современность (1987) ж.б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]