Соотташыгыч

Википедия дан
Бронетранспортёр‎»‎ барагынан багытталды)

Соотташыгыч (орус. бронированный транспортёр, БТР негизинде Броня - Соот, Транспортёр - Ташыгыч) — калкандалган, ылдам жүрүүчү чынжыр тамандуу (гусеницалуу) же дөңгөлөктүү аскер машинасы. Бронетранспортёр мотоаткычтар аскерин, ар түрдүү согуш жүктөрүн жана куралдарын ташууда пайдаланылат. Анын корпусу бактериологиялык жана химиялык куралдардан, радиациялык жапа чегүүдөн коргонууга ылайыкталган. Бронетранспортёрдун авиатранспортко жүктөөгө ыңгайлуу жана сууда сүзүүчү түрлөрү бар. Чынжыр тамандуу Соотташыгычтын эң жогорку ылдамдыгы 70 км/c; дөңгөлөктүүсүнүкү 90–100 км/ска жетет.

Түркиянын, аскердик курулган Кирпи соотташыгычы.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]