Бронх

Википедия дан

Бронх (грекче brirahos – кекиртек) – адам жана татаал түзүлүштүү омурткалуулардын дем алуу түтүгүнүн бутакчасы. Ал аркылуу өпкөгө аба келет жана өпкөдөн кайра чыгат. Кекиртек (трахея) көкүрөк көңдөйүнө келгенде оң жана сол биринчилик бронхко бөлүнүп, оң жана сол өпкөгө кирет. Андан ары дагы майда бутактарга экинчилик бронхторго бөлүнүп, бронх дарагы (тарамдары) пайда болот. Эң майдалары бронхиолалар деп аталат. Алардын учунда альвеолалардан түзүлгөн өпкөнүн дем алдыргыч тканы жайгашкан. Ал кемирчек шакекчелерден жана жылма булчуңдан турат. Майда бронхтун булчуңдары бронх астмасында рефлекстүү жыйрылат. Алардын ички бети ыргалма эпителий былжыр чели менен капталган. Бул эпителий клеткаларындагы түкчөлөр дем алуу жолдоруна түшкөн бөтөн нерселерди кыймылы менен кайра чыгарат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]