Бронхопневмония

Википедия дан

Бронхопневмония (бронх жана иневмония) – колко менен өпкөнүн айрым бөлүктөрүнүн сезгениши. Мында өпкөнүн альвеолалары, эпителий клеткалары лейкоцит менен эритроцит аралаш сары сууга толот. Көбүнчө мал (чочко, кой, музоо жана канаттуулар) ооруйт. Ал бронхиттин күчөп кабылдап кетишинен, ошондой эле гельминтоздордун кесепетинен пайда болот. Бронхопневмония жугуштуу оорунун салдарынан болсо, ылаңга чалдыккан малды өзүнчө сарайга бөлүп дарылоо жүргүзүлөт. Дарылоо үчүн антибиотиктер, сульфаниламиддер колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]