Броун кыймылы

Википедия дан

Броун кыймылы – суюктук же газдагы өлчөмү 10–6 мден кичине бөлүкчөлөрдүн өзүнүн айлана-чөйрөсүндөгү молекулалардын кагылышынан пайда болгон иретсиз кыймылдоосу. Аны 1827-ж. Р. Броун ачкан. Кыймыл чөйрө температурасы жогорулаганда, илээшкектиги төмөндөгөндө, бөлүкчө кичирейгенде күчөйт. Бул теорияны 1905–06-ж. А. Эйнштейн жана польшалык физик М. Смолуховскийлер толуктап түзүшкөн. Чөйрө молекулаларынын жылуулук кыймылынан жана айланасындагы молекулалар бөлүкчөлөрүнүн кагылышынан броун кыймылы пайда болот. Чөйрө молекулаларынын кагылышы бөлүкчөнү башаламан кыймылга келтирип, бөлүкчө кыймылынын багыты жана ылдамдыгы тез өзгөрөт. Эгерде бөлүкчөнүн абалын бирдей убакытта белгилесек татаал, чаташкан траектория чийилет. Броун кыймылы молекулалык-кинетикалык теориянын атом, молекулалардын башаламан кыймылы жөнүндөгү түшүнүгүн эксперименттик түрдө далилдейт. Броун кыймылы теориясы статикалык механиканы изилдөөдө чоң роль ойногон, ал практикалык мааниге да ээ. Броун кыймылы өлчөгүч приборлордун өлчөө тактыгын чектейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]