Бруно Бауэр

Википедия дан
Бруно Бауэр.

Бауэр Бруно (1809–1882) – немец философу, младо гегельянчы. Ал Гегелдин абсолюттук идеясын жокко чыгаруу менен бирге жекече аң-сезимди өздүк аң-сезимдин абсолюттуулугу деп жарыялаган. Тарыхтын негизги кыймылдаткыч күчү деп «кескин инсан» акылынын өнүгүүсүнүн аракетин эсептеген. Бауэр өзүнүн памфлеттеринде Гегелди атомист, революционер катары көрсөткөн. Евангелияны Штраустун сындоосунан да радикалдуу сынаган. Иисус Христостун болгондугун жокко чыгарган. Жашоосунун аягында Бауэр Германиянын рейхканцлери Отто Бисмарктын соратниги болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил энциклопедия борбору. Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.: 2004, ISBN 9967-14-020-8.