Брюль

Википедия дан

Брюль – Германиядагы шаар. Түндүк Рейн-Вестфалия жеринде (администрациялык-аймактык бирдик). Калкы 44,6 миң (2015). Рейн дарыясынын өрөөнүндө, Кёльн менен Бонн шаарынын ортосунда жайгашкан. 1285-ж. шаар статусун алган. 1469-жылдан Кёльн курфюрлугунун борбору, 1597-жылдан жайкы резиденциясы. Чептин ордуна кооз салтанат тепкичтүү Аугустусбург сарайы курулган. 1740-ж. Франциялык кенен парк (Жирардын долбоору менен), англиялык парк (П. Ж. Лене) уюшулган; паркта Фалькенлуст (1729–40, Кювилье) аңчылык замогу бар. Сарай жана аңчылык замогу Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. Франциск монастрынын бир аз бөлүгү, Ыйык Мария чиркөөсү сакталган. Федерация финансы, коомдук башкаруу академиялары, европалык институт, музейлер бар. Металл иштетүү, кагаз өнөр жайы иштейт. Пиво кайнатылат. Жыл сайын «Брюль замок концерттери» музыкалык аптасы, өспүрүмдөрдүн теннис боюнча турнирлери, «Фантазия өлкөсү» парк аттракциону өткөрүлөт. Туризмдин борбору.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]