Брюстер мыйзамы

Википедия дан

Брюстер мыйзамы ― диэлектриктин сынуу көрсөткүчү (n) менен табигый жарыктын түшүү бурчунун (φ) ортосундагы байланыш.

Диэлектриктин бетинен чагылган жарык толук поляризацияланат. Мында түшүү тегиздигине перпендикуляр жарык толкуну электр векторунун компоненти Еs гана чагылат, түшүү тегиздигиндеги Ер компоненти чагылбайт, ал сынат. Бул tg φ=n шартында аткарылат. Сынуу мыйзамы боюнча sin φ=sinr =n (r – сынуу бурчу). Брюстер мыйзамынын негизинде cos φ= sinr же φ+r =90° келип чыгат. Брюстер мыйзамынын 1815-жылы Д.Брюстер аныктаган. Брюстер мыйзамы эки диэлектриктин чегинен жарыктын өтүшүн чагылдырган Френель формуласынан алынат. Брюстер мыйзамы физикалык эң жөнөкөй толкундун электрдик векторунун (Еs) багытына дал келген электрондордун термелүүсүн түшүүчү толкундун электр талаасы диэлектрикте пайда кылат. Бул термелүүлөр диэлектриктен таралуучу чагылган толкундарды чектин бетинде дүүлүктүрөт. Бирок сызыктуу термелүүчү электрон өзүнүн термелүү багытында энергияны нурлантпайт. Ошентип чагылган толкунда электр талаасы (Еs) түшүү тегиздигине перпендикуляр тегиздикте гана термелет.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]