Брюхоненко Сергей Сергеевич

Википедия дан

Брюхоненко Сергей Сергеевич [30. 4 (12. 5). 1890, Козлов, азыркы Мичуринск – 20. 4. 1960, Москва] – физиолог, медицина илимдеринин доктору (1935). Москва университетинин медицина факультетин (1914) бүтүргөн. Борбордук кан куюу жана гематология институтунун эксперименттик терапия лабораториянын (193135) башчысы, 1935-жылдан өзү уюштурган Эксперименттик физиология жана терапия институтун жетектеген. Эксперименттик биология жана медицина илимий-из. институтун Сибирдеги филиалында жасалма кан айлануу лабораториянын башчысы (1958–60). Б. 1920–24-ж. жасалма кан айлануу методун ачып, дүйнөдө 1-кан айландыруу аппаратын ойлоп тапкан. Бул аппарат клиникалык өлүмдөгү итти тирилтүүгө пайдаланылган. 1945–51-ж. Брюхоненконун методу боюнча кишини тирилтүү иш жүзүнө ашырылган. Брюхоненкого 1965-ж. (өлгөндөн кийин) Лениндик сыйлыгынын ыйгарылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]