Брянск

Википедия дан

Брянск – Россия Федерациясындагы шаар. Брянск областынын администрациялык борбору. Десна дарыясынын боюнда жайгашкан. 1956-ж. Бежица шаары менен кошулган. Калкы 424,1 миң (2005). Темир жол тоому. Эл аралык аэропорту бар. Машина куруу, металл иштетүү («Брянск автомобиль заводу», «Брянск машина куруу заводу», «Брянсксельмаш», «Арсенал» болот куюу заводдору), химиялык, жеңил (анын ичинде камвол өндүрүш бирикмеси), тамак-аш жана башка өнөр жайлары өнүккөн. Төрт ЖОЖ, 2 музейи, 3 театры бар. Археол. маалымат боюнча 10-кылымдын аягында пайда болгон; 1146-жылдан эскерилет. 1246-жылдан княздыктын борбору. 1356–1500-ж. Литванын ээлиги. 19-кылымдан Брянск өнөр жайлуу аймактын борбору.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]